Үйлөнүү тойго онлайн чакыруу
Үйлөнүү тойго чакыруу — WhatsApp аркылуу жөнөтүлүүчү шилтеме. Конок аны ачканда жаштардын аттарын, күнүн, программаны, ресторандын картасын жана музыканы көрөт. «Келем / келе албайм» жообу сиздин кабинетке түшөт, андыктан бардык конокторго чалып чыгуунун кереги жок. Текстти даяр калтырсаңыз болот же өзүңүз жазасыз — кыргызча, орусча же эки тилде.
800 сом · төлөм чакыруу түзүлгөндөн кийин
Бул майрам үчүн шаблондор
Даяр программа
- 16:00 Конокторду тосуп алуу
- 17:00 Той башталышы
- 18:30 Биринчи бий
- 20:00 Концерт жана бий
Чакыруу текстинин үлгүсү
Эки жүрөктүн бириккен кубанычтуу күнүн сиздер менен бирге майрамдагыбыз келет. Ак дасторконубуздан даам татып, жаш жубайларга ак тилек, батаңыздарды берип, кадырлуу коногубуз болуп кетүүгө чакырабыз!
Бул кантип иштейт
- Майрамды жана шаблонду тандаңыз50дөн ашык шаблон; тизменин башындагылары ушул майрамга тандалган.
- Аттарды, күндү жана дарегин жазыңызКыргызча жана орусча тексттер даяр, аларды өзгөртсө болот.
- Шилтемени коноктор менен бөлүшүңүзWhatsApp жана Telegram үчүн шилтеме. Коноктордун жооптору кабинетке келет.
Суроолор
Ресторанда да, үйдө да өтүүчү тойго ылайыктуубу?
Ооба. Даректи жана картаны каалагандай көрсөтсөңүз болот — ресторан, үй же эс алуу жайы; конокко «Жол» баскычын басуу жетиштүү.
Күйөө жана кыз тараптын туугандарына өзүнчө шилтеме жөнөтсө болобу?
Ооба, кабинетте коноктор үчүн жеке шилтемелер түзүлөт, ал эми анкетага «Кайсы тараптан?» деген суроо кошсо болот.
Чакыруу канча турат?
«Шаблон» тарифи — 800 сом: каалаган даяр шаблон, музыка, 10 сүрөткө чейин галерея, коноктордун анкетасы, таймер, 2ГИС картасы. «Өз дизайн» тарифи — 1500 сом: өз MP3, шрифттер, түстөр жана оюулар, 20 сүрөткө чейин жана анкетада өз суроолоруңуз. Адегенде чакырууну түзүп, натыйжасын көрөсүз, төлөм шилтемени жарыялоо үчүн гана керек.
Чакырууну коноктарга кантип жөнөтөм?
Сизге чакырууга шилтеме берилет (дарегин өзүңүз койсоңуз болот). Шилтемени WhatsApp, Telegram же Instagram аркылуу жөнөтөсүз, сүрөттүү превью өзү пайда болот. Ар бир конок үчүн жеке шилтеме жасаса болот.
Коноктор бир нерсе орнотушу керекпи?
Жок. Чакыруу — кадимки веб-барак, ал телефондун браузеринде шилтеме менен ачылат, колдонмосуз жана каттоосуз.